Бишкек, "САЯСАТ.KG". Бул жер тилкесинин чыныгы баасы 5 420 000 сомду түзөт.
Ички иштер министрлиги Ош шаарында кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу фактысы боюнча шектүү кызматкерлерди кармаганын билдирди.
2022-жылдын декабрь айында Жер ресурстары боюнча мамлекеттик агенттигинин Ош филиалынын жана Ош шаарынын мэриясынын Муниципалдык менчик башкармалыгынын жооптуу кызматкерлери муниципалдык жер тилкесин мыйзамсыз түрдө жеке тарапка каттап, андан кийин 450 000 сомго үчүнчү жакка сатышкан.
Көз карандысыз баалоо компаниясынын 27-июндагы корутундусуна ылайык, бул жер тилкесинин чыныгы баасы 5 420 000 сомду түзөт.
Бул факт боюнча Ош ШИИБи 2025-жылдын 2-июлунда Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренесинин 2-бөлүмү (Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу) менен кылмыш ишин козгогон.
14-июлда шектүүлөр — Жер ресурстары боюнча мамлекеттик агенттигинин Ош филиалынын бөлүм башчысы А.Т., жетектөөчү адис А.Т., адис К.А., филиалдын мурдагы жетекчиси И.С. жана жаран М.И. кармалып, сот камакка алуу чечимин чыгарган.
Тергөөнүн иштери уланууда.
Булак: koom.press