Бишкек, "САЯСАТ.KG". Иш козголуп, пара алуу фактысы тастыкталганы айтылды.

Эсеп палатасынын башкы инспектору кармалганын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети билдирди.

Маалыматка караганда, шектүү А.И.К. элчиликтерди текшерип, «каржылык мыйзам бузуулар аныкталды» деген шылтоо менен элчилердин биринен акча талап кылган.

Иш козголуп, пара алуу фактысы тастыкталганы айтылды. Натыйжада шектүү өлкөгө кайтып келе жатканда «Манас» аэропортунан кармалып, УКМКнын убактылуу кармоо жайына киргизилди.

Булак: 7 канал