Бишкек, "САЯСАТ.KG". Шектүү Бишкектеги №1 тергөө абагына бир айга камалды.

Бишкекте 38 жаштагы жаран расалык, этностук, улуттук, диний жана аймактык аралык кастыкты козутууга шектелип кармалды. Бул тууралуу Бишкек милициясынын басма сөз кызматы 13-июлда кабарлады. Маалыматка караганда, шектүү 7-июль күнү казак улутундагы кызды цензурага жатпаган сөздөр менен айыптаган видео чыгарган.

“Видео коомдун талкуусуна түшүп, улут аралык, жарандын аброюна шек келтирген маселелер көтөрүлгөн”, - деп жазылган билдирүүдө.

Бишкек милициясынын Тергөө кызматы Кылмыш-жаза кодексинини 330-беренеси менен ("Расалык, этностук, улуттук, диний же региондор аралык кастыкты (араздашууну) козутуу") иш козгоп, лингвистикалык экспертиза дайындады.

Шектүү Бишкектеги №1 тергөө абагына бир айга камалды. Анын жакындары жана адвокаты комментарий бере элек.

Кылмыш-жаза кодексиндеги бул берене (330) боюнча айыптуу деп табылган жаран беш жылдан жети жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратылат.

Булак: Азаттык