Бишкек, "САЯСАТ.KG". Эки жаш бала уюлдук компаниялардын биринин SIM картасын сатышкан

Таласта 19 жаша 18 жаштагы уландар алдамчылыкка шек саналып кармалышты. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти. 

"Милицияга 36 жаштагы аял арыз менен кайрылган. Ал 27-апрелде саат 13:00 чамаларында үйүнө келген эки жаш бала уюлдук компаниялардын биринин SIM картасын сатышканын, аны каттоо учурунда 15 миң сом онлайн кредит алып, өздөрүнө которуп алышканын айткан", - деп айтылат билдирүүдө. 

Бул факт боюнча "Алдамчылык" беренеси менен кылмыш иши козголуп, тергөө иштери уланууда.

Булак: koom.press