Бишкек, "САЯСАТ.KG". Учурда тергөө иштери уланууда.
Ош шаарында күрөөкананы карактаганга шек саналган 24 жана 25 жаштагы жигиттер Бишкектен кармалды. Бул тууралуу Ош калаасынын милициясы билдирди.
Маалыматка ылайык, 11-июнда түнкү саат 04:30 чамасында белгисиз эки адам Ош-Нуру мейманканасынын 1-кабатынын батыш тарабындагы күрөөканасына киришип, ал жерде иштеген 21 жаштагы кызматкерди белгисиз тапанчага окшогон курал жана темирдин кесиндиси менен коркутушуп, денесине залал келтиришкен жана темир сейфтин ичинен болжол менен 300 миң сом жана 1 миллион 300 миң сомдук алтын-зер буюмдарын тоноп кетишкен.
Факт боюнча Кылмыщ-жаза кодексинин 207-беренеси (Каракчылык) менен кылмыш иши козголгон. Борбордон кармалгандар Ошко алынып келинип, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Шектүүлөр жасаган кылмышты моюнуна алышкан. Алар тоногон акча каражаттарын жана алтын буюмдарынын айрым бөлүгүн иштетип үлгүрүшкөн.
Учурда тергөө иштери уланууда.