Бишкек, "САЯСАТ.KG". Учурда шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилип, тергөө жүрүүдө.
Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунда милицияга пара берүү фактысы боюнча кылмыш иши козголду. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.
Маалым болгондой, 12-июнда милицияга маалымат келип түшкөн. Анда кылмыш ишинде суралып жаткан К.Б. аттуу жаран мыйзамдуу жоопкерчиликтен качуу максатын көздөп, бир нече жолу бөлүм башчыларынын бирине пара сунуштаган.
Бул факты боюнча "Пара берүү" беренеси менен кылмыш иши козголду. Натыйжада ал 80 миң сом пара берип жаткан жеринен кармалды. Ал шаардык мэриянын муниципалдык ишканасынын башчысы болуп иштейт.
Учурда шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилип, тергөө жүрүүдө.