Бишкек, "САЯСАТ.KG". Шектүү убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

6 жашар кызды жер төлөгө алып кирген адам кармалды

Бишкекте 6 жашар кызды көп кабаттуу үйдүн жер төлөсүнө азгырган жаран кармалды. Бул тууралуу Октябрь райондук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Н.С. аттуу жаран 10-июнда саат 20:00 чамасында Бишкектеги көп кабаттуу үйлөрдүн биринин жер төлөсүндө жашы жете элек кызы С. Ж. менен отурган белгисиз адамга карата чара көрүү жөнүндө арыз менен кайрылган.

Аталган окуя боюнча 1972-жылы туулган шектүү Б.А. кармалып, убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Белгилей кетсек, тергөө-ыкчам иш-чараларынын жыйынтыгында шектүүнүн буга чейин уурулук фактыларына тиешеси бар экендиги аныкталган.