Бишкек, "САЯСАТ.KG". Шектүү катары үч киши кармалып, тергөө жүрүп жатат.

Ошто баңгизатты кашык-вилканын арасына катып алып келген трансулуттук топтун ишине бөгөт коюлду.

ИИМге буга чейин өлкөнүн түштүгүндө баңгизатты чет өлкөдөн алып жаткан кылмыштуу топ тууралуу маалымат түшкөн. Лос-Анджелестен (АКШ) учуп келген жүктү текшерүү учурунда «Манас” бажы постунун кызматкерлери идиш-аякка жашырылган баңгизат табышкан.

Иликтөөдө эки нарколаборатория менен интернет-дүкөн аныкталган. Шектүү катары үч киши кармалып, тергөө жүрүп жатат.