Бишкек, "САЯСАТ.KG". Бул факт боюнча "Пара берүү" беренеси менен кылмыш иши козголгон.
Бишкектин Свердлов районунун тергөөчүсүнө пара берүүгө шектелип аял киши кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 15-майда райондук милициянын басма сөз кызматы билдирди.
"Райондук милиция бөлүмүнүн башчысына тергөөчү тарабынан билдирүү түшкөн. Анда М.Б. аттуу жаран ага козголгон кылмыш ишин кыскартуу максатында пара сунуштап жаткандыгын кабарлаган", - деп айтылат анда.
Анын натыйжасында милиция менен УКМК кызматкерлери 1960-жылы туулган аялды тергөөчүгө аталган сумманы берип жатканда кармашты.
Бул факт боюнча "Пара берүү" беренеси менен кылмыш иши козголгон.
Тергөө амалдары уланууда.