Бишкек, "САЯСАТ.KG". Издөөдө жүргөн жаран Кыргызстандын мыйзамына ылайык чара көрүү үчүн Сокулук РИИБине жеткирилди.
Мамлекеттик чек араны мыйзамсыз түрдө кесип өтүүгө аракет кылган чет элдик жаран "Манас" эл аралык аэропортунда кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 13-майда Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Шандунь провинциясынын полициясы жүргүзүлүп жаткан иликтөөнүн алкагында, санитардык-карантиндик тастыктамадан өтпөгөн эпидемиялык жактан начар региондордон тоңдурулган уй эттерин аткезчилик менен ташыган уюшкан кылмыштуу топтун катышуучусун аныктаган.
Кытайдын бажы көзөмөлүнөн өтпөө үчүн жогорудагы кылмыштуу топ товарларды деңиз аркылуу мыйзамсыз жол менен чыгарып жүрүшкөн. Кытайдын аймагында бул эттер Цзаочжуан шаарындагы фабрикага жеткирилип, ал жактан андан ары сатуу үчүн жасалма тастыктама менен таңгакталып турган. Шектүүнү кармоо Кыргызстан менен Кытайдын тиешелүү кызматтарынын аракетинин натыйжасында ишке ашты.
Издөөдө жүргөн жаран Кыргызстандын мыйзамына ылайык чара көрүү үчүн Сокулук РИИБине жеткирилди.