Бишкек, "САЯСАТ.KG". Окуя Бишкекте болгон.

Унаанын терезесинен курал чыгарып, адамдарды коркуткандар кармалды

Унаанын терезесинен курал менен ар кимди коркуткандар кармалды.Окуя Бишкекте болгон.

Анда унаада бараткан үч киши терезеден курал-жарак чыгарып, атып жиберчүдөй болуп адамдарды коркуткан.

Тентек жигиттерди милиция таап, майда бейбаштык боюнча протокол түзүлгөн. Укук коргоо органдарындагы ишенимдүү кишилер булардын колунда тирде аткан тапанча болгонун айтышты.