Бишкек, "САЯСАТ.KG". Бул тууралуу бүгүн КР УКМКнын басма сөз борбору маалымдады.

{{ item.title }}

Чек арадан баңгизат алып өтүү учурунда Өзбекстандын жараны кармалды.

Үстүбүздөгү жылдын 10-мартында жүргүзүлгөн ыкчам иш-чаралардын натыйжасында атайын кызматтын кызматкерлери тарабынан эл аралык баңги кылмыштуу тобунун активдүү мүчөсү кармалды.

Тактап айтканда, 1997-жылы туулган Өзбекстандын жараны Д.Ж.Н. Кыргызстандан Өзбекстандын аймагына мамлекеттик чек аранын начар корголгон участоктору аркылуу баңгизаттарды ташуунун туруктуу каналын уюштургандыгы аныкталды. Ошентип, кезектеги 1 кг "гашиш" баңгизатын өткөрүп берүү аракетинде кармалды.

Тергөө аракеттеринин жыйынтыгы боюнча Өзбекстандын жараны Д.Ж.Н. КР Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренесинин 3-бөлүгүндө каралган кылмыш фактысы боюнча катталган кылмыш ишинин алкагында УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Учурда башка тиешеси бар адамдарды аныктоо боюнча тиешелүү ыкчам иш-чаралар жүргүзүлүүдө.