Бишкек, "САЯСАТ.KG". Жалал-Абадда алдамчылыкка шектелип 47 жаштагы аял кармалды.

Бул тууралуу Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, милиция кызматкерлери интернет аркылуу жасалып жаткан кылмыштардын алдын алуу боюнча жүргүзүлүп жаткан иш-аракеттердин натыйжасында, QRAX санариптик акча тиркемесин пайдалануу менен Гүлзат аттуу аял бир нече жарандарды алдап жүргөндүгүн аныкташкан.

Аталган маалымат Жалал-Абад ОИИБдин тергөө кызматы тарабынан кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталып, Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (“Алдамчылык”) менен кылмыш иши козголгон.

Милициянын ыкчам иш-аракеттеринин негизинде кылмышка шектүү катары 47 жаштагы Өзгөн районунун И.Г. аттуу тургуну кармалган.

Тергөө иштеринин жүрүшүндө шектүүнүн 27 кылмыш ишин жасагандыгы, жарандарга жалпы суммасы 3 млн 534 миң сом өлчөмүндө зыян келтиргендиги такталды.

Жалал-Абад шаардык соту анын баш коргоо чарасын карап, камакка алды. Учурда тергөө жүрүп жатат.