Бишкек, "Саясат.kg". Бул тууралуу Ысык-Көл ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Ысык-Көл РИИБден билдиргендей, 1-декабрь күнү, Балыкчы шаарынын тургуну өзүнүн "Фейсбук" баракчасында, түшкү мезгилде анын жаш өспүрүм баласы лицейден чыгып кетип, дайынсыз жоголуп кеткендиги жөнүндө маалымат жарыялаган. Ошол эле маалыматында, эгерде милиция баласын аман-эсен табып беришпесе, аларга карата чара көрөрүн дагы билдирген. Ошол эле учурда, аталган маалыматты жарыялаган аял, баласы дайынсыз жоголуп кеткендиги жөнүндө арыз менен Ысык-Көл РИИБне да, Балыкчы ШИИБне да кайрылган эмес.

Социалдык түйүндө жарыяланган маалымат Ысык-Көл РИИБдин маалымат электрондук журналына катталып, дайынсыз жоголгон жаш өспүрүмдү издеп табуу боюнча издөө иштери башталган. Издөө иштеринин жүрүшүндө, 15 жаштагы жаш өспүрүм, Балыкчы шаарында энеси менен чогу жашап жүргөнү, үстүбүздөгү жылдын сентябрь айынан баштап, Ысык-Көл районунда орун алган лицейинин биринде 1-курста окуп, ошол эле окуу жайынын жатаканасында жашап жүргөндүгү белгилүү болгон. 

Андан тышкары, август айында да, жаш өспүрүм үйүнөн кетип калгандыгын жана милиция кызматкерлери аны Бишкек шаарынан табып келишип, энесине кайтарып беришкени аныкталган.

Окуу жайындагы видеокөзөмөлдө камераларын изилдеген учурда, жаш өспүрүм болжол менен саат 14.30 чамаларында жалгыз лицейдин аймагынан белгисиз тарапка чыгып кеткендиги аныкталган. Дайынсыз жоголгон жаш өспүрүмдү издөө үчүн Ысык-Көл РИИБдин, Балыкчы ШИИБдин өздүк курамы, кошумча окуу жайынын мугалимдери жана мэриянын өкүлдөрү да тартылган болчу.

Көрүлгөн иш аракеттердин натыйжасында, изделип жаткан жаш өспүрүм, 1-декабрдан 2-декабрга караган түнү, болжол менен түнкү саат 01.00 чамаларында Балыкчы шаарынан аман эсен табылган. Дайынсыз жоголгон баланы энесинин үйүнө алып келгенде, энеси баланы үйүнө киргизбей, кайра окуу жайына алып кетишин талап кылган. Жагдайга байланыштуу милиция
кызматкерлери жаш өспүрүмдү окуу жайына алып келишип, социалдык педагогдун көзөмөлүнө өткөрүп беришкен.

Учурда, Ысык-Көл РИИБ тарабынан тийиштүү иш кагаздары райондук балдар менен иштөө комиссиясынын кароосуна жиберилди.