Тергөөнүн версиясы боюнча, Сапарбеков алгач Садыркуловду эсин оодара муштаган

Ички иштер министрлиги 26-ноябрда мындан 11 жыл мурда жасалган чуулгандуу кылмыштын бетин ачты же Медет Садыркуловдун өлүмүнө шектүү катары Санжар Сапарбеков кармалганын маалымдады. Бишкектин Биринчи май райондук соту аны 2022-жылдын 26-январына чейин ТИЗО-1ге киргизди.

Санжар Сапарбеков - кикбоксинг боюнча чемпион жана экс-президент Курманбек Бакиевдин уулу Максимдин (өспүрүм кездеги досу) жакыны. Бул иште ал 2011-жылдан тартып айыпталуучу болуп өтүп жаткан. Анда ал кыргыз ИИМи тарабынан эл аралык издөөгө жарыяланган.

Тергөөнүн версиясы боюнча, Сапарбеков алгач Садыркуловду эсин оодара муштаган. Каршылык көрсөтө албас болгондо мойнуна жип салып муунтуп өлтүргөн.

Медет Садыркулов - президент Курманбек Бакиевдин аппаратынын жетекчиси жана анын “Ак-Жол” партиясын негиздегендердин бири болчу.

Ошол кезде бийлик ачыктаган алгачкы версияга ылайык, Садыркулов бараткан “Лексусту” ак түстөгү “Ауди 100” үлгүсүндөгү унаа сүзүп, натыйжада жолтандабас өрттөнүп, ичиндеги Садыркулов жана анын досу, тагыраагы, Эл аралык стратегиялык изилдөөлөр институтунун мурунку директору Сергей Слепченко, ошондой эле айдоочу Кубат Сулайманов каза тапкан.

Өлүм коштогон авто кырсыкка Ош облусунун жумушсуз тургуну Өмүрбек Осмонов күнөөлү деп табылган. Сот аны 12 жылга эркинен ажыраткан.

2010-жылдагы апрель окуяларынан кийин Өмүрбек Осмонов киши колдуу болуп, сөөгү Бишкектен алыс эмес жердеги жаңы конуштардын биринде табылган. Белгисиз адам ага 11 жолу бычак сайганы белгилүү болгон.

Үрөй учурган бул кылмыш Бакиевдер кланы бийликтен кулагандан кийин гана бети ачылган. Кийин коомчулукка белгилүү болгондой, Садыркулов менен бозгун президенттин иниси Жаныбек (Жаныш) Бакиевдин мамилеси начар болгон.

Бакиев 2010-жылы апрелде тактан кулагандан кийин Садыркуловдун өлүмү боюнча иш кайра тергеле башталган. Бир тууган Бакиевдер өлкөдө төңкөрүш уюштурууга камынып жаткан экс-чиновниктин көзүн тазалоону уюштурууга, кийин анын өлүмүн автокырсык катары имитациялоого айыпталышкан.

Тергөөнүн версиясы боюнча, Медет Садыркулов бараткан унааны Жол кыймылынын коопсуздугун көзөмөлдөө башкармалыгы жана ИИМдин кылмыш иликтөө башкы башкармалыгы, ошондой эле Мамлекеттик күзөт кызматынын мурдагы жана азыркы кызматкерлери токтоткон. Садыркуловду президент Бакиевдин иш башкармалыгынын башчысы Курманбек Темирбаевдин дачасына алып барышкан. Ошол жактан өлтүрүп, андан соң окуяны жол кырсыгы катары жасалмалашкан.

Булак: “Майдан.kg” гезити, №36 (520), 01.12.2021-жыл