Бишкек, “Саясат.kg”. Кечээ, 26-ноябрда ИИМде шайлоо күнү коомдук коопсуздукту жана мыйзамдуулукту сактоо, шайлоочулардын эркин жана өз ыктыяры менен шайлоосун камсыздоо боюнча ички иштер органдары тарабынан көрүлүп жаткан даярдыктар боюнча онлайн-кеңешме болуп өттү.

Эске салсак, бүгүн саат 08-00дө шайлоого чейинки үгүт иштери толугу менен аяктап, “Жымжырттык күнү” өкүм сүрүүдө, эртең, 28-ноябрда шайлоо болуп өтөт.

ИИМде өткөзүлгөн ыкчам жыйында ИИМ башчысы Улан Ниязбеков тарабынан милиция кызматкерлеринин алдыларына коюлган шайлоого байланыштуу ар бир тапшырманын аткарылышы эскертилди. “Өткөн аппараттык кеңешмелерде белгилеп өткөм, дагы бир жолу эскертем – бул шайлоо буга чейинки шайлоолорго караганда өзүнүн тазалыгы, калыстыгы менен айырмаланып, эч кандай бурмалоосуз жагдайда өтүшү керек. Ал үчүн менин орун басарларымдан баштап, бардык деңгээлдеги жетекчилер “шайлоону тынч өткөрүү боюнча” коюлган тапшырмалардын так жана кынтыксыз аткарылышын катуу көзөмөлгө алууга милдеттүү”,- деди ал.

“Президентибиздин “Шайлоону эркин, таза жана ачык-айкын өткөрүүнү камсыз кылуу жөнүндө” Жарлыгын ийгиликтүү ишке ашыруу максатында элдин коопсуздугун камсыздап, күчөтүлгөн тартипте иш алып баруу – учурдун талабы. Шайлоо жөнүндө мыйзамга ылайык, шайлоону өткөрүү мезгилинде добуш бере турган элге жана шайлоого катышып жаткан талапкерлерге бирдей шарттар түзүлгөн. Шайлоо учурунда атайын уюшулган адамдар же топтор тарабынан жарандарды шайлоого катышууга таңуулап же катышпоого мажбурлоо максатында таасир этүүнүн ар түрдүү формаларын колдонууну алдын алып, бөгөт коюу үчүн бардык ыкчам кызматтар алдын ала иш-чараларды күнү-түнү жүргүзсүн деп буйрук беремин. Биздин эл эгемендүү өлкөдө жашагандыктан, добуш берүүнү коомчулуктун өз тандоосуна коюп, талапкерлердин мыйзам чегинде ээн-эркин үгүт иштерин жүргүзүүгө бардык шарттар түзүлгөн. Ошол шарттарды жолдон чыгарып жаткан добуш сатып алуу, административдик ресурсту колдонуу, добуштарды атайылап таңуулоо сыяктуу элге жат көрүнгөн фактылар катталып жатат, бул фактылар боюнча жыйынтыктар кыска мөөнөттө чыгарылып, мыйзам чегинде чечимдер кабыл алынсын. Шайлоо күнү келип түшкөн арыз-билдирүүлөр, анын ичинде жалпыга маалымдоо каражаттарына чыккан укук бузуулар боюнча маалыматтар жеринде ыкчам жана өз убагында териштирилип, ошол эле күнү токтоосуз каралууга тийиш экендигин эсиңиздерге салам”,- деди Улан Ниязбеков.

“Бүгүн, Куралдуу Күчтөрдүн Башкы Колбашчысы Президент Садыр Жапаровдун төрагалыгы алдында Коопсуздук Кеңешинин жыйыны болуп өттү. Аталган жыйында ички иштер министрлигине коомдук тартипти сактоо, шайлоо комиссияларынын бардык мүчөлөрүнүн коопсуздугун камсыздоо, шайлоодон кийин ар түрдүү деструктивдик чагымчыл учурларды, ички жана тышкы мыйзамсыз таасир берүүлөрдү болтурбоого тиешелүү комплекстүү чараларды көрүү, аны менен бирге мыйзам бузуулар боюнча бардык фактыларды аныктап, катуу чаралар көрүлүшү керектиги жөнүндө тапшырмалар коюлду. Президент тарабынан коюлган маанилүү тапшырмалар баарыңыздарга нускама ирээтинде жеткирилет. Анын алкагында тиешелүү иш-чараларды жеринде уюштуруп, алып баруу тапшырмасы коюлду. Эң негизгиси, шайлоо учурунда айрым адамдар тарабынан элди ар кандай жолдор менен азгырып, өз максаттарына жетүү үчүн жең ичинен жасалуучу таасир этүүнүн ар түркүн мыйзамсыз ыкмаларына бөгөт коюу - милициянын шайлоо учурундагы артыкчылыктуу милдети”,- деп баса белгиледи Улан Ниязбеков.

“Бүгүнкү күндө, милиция эски ишмердиктен арылып, жаңы кадамдар менен “бардык учурда элди коопсуз тейлөө” боюнча иш алып барууга өткөндүгүн жакшы билесиздер. Чын ниеттен элге ак кызмат кылып, жарандардын социалдык абалына, турмуштук кырдаалына карабастан, ким гана болбосун кол сунуп жардам берип, жеринде тейлөө көрсөтүү ишмердиги туруктуу жана дайыма аткарылуучу милдеттердин бири болуп эсептелет. Шайлоо убагында элге тейлөө көрсөтө албаган, милицияга тиешелүү болгон арыз-даттанууларды, жалпыга маалымдоо каражаттарына чыккан кайрылууларды жеринде ыкчам териштирип, тез арада чече албаган жетекчилерге биздин катарыбызда орун жок экендигин баса белгилеп кетем,- деп билдирди Улан Ниязбеков. - Анткени, милициянын берген антында өлкөнүн коопсуздугу болсо, ар бир кызматкердин жүрөгүндө элдин тынчтыгы болушу керек”.

Бул кеңешмеде айтылгандарды жана Президент тарабынан коюлган тапшырмаларды жетекчиликке алуу менен он бир багыттамалык “Нускамалар” берилди. Министр Улан Ниязбеков Нускамалар ички иштер органдарынын жетекчилери жана алардын кол алдындагы кызматкерлер тарабынан кынтыксыз аткарылып, көзөмөлдө болушун талап
кылды.

Алар:

Биринчи: Элдин коопсуздугу, анын ичинде жол кыймылынын коопсуздугу жогорку деңгээлде камсыздалып, Президентибиз тарабынан коюлган тапшырмалар токтоосуз түрдө аткарууга алынсын;
Экинчи: Ички иштер министрлигинин кызматтарынын региондорго бөлүнгөн жооптуу жетекчилери координациялоо иштерин жүргүзүп, кызматтык көйгөйлөрдү чечүүгө көмөктөшүп, тажрыйбалык жардам көрсөтүп, аткарылган иштер тууралуу министрликтин “Маалымат-талдоо тобуна” күнүгө маалымдап турушсун. Андан тышкары, коомдук коопсуздукка тартылган бардык кызматкерлер медициналык коргонуучу каражаттар менен камсыздалып, илдетти жугузуп алуудан сак болушсун;

Үчүнчү: Шайлоого чейин жана үгүт иштери учурунда катталган кылмыштар менен жоруктарга мыйзам чегинде кыска мөөнөттүн ичинде тиешелүү чечимдер кабыл алынсын;

Төртүнчү: Шайлоо күнү катталган фактыларга жеринде сапаттуу, ыкчам жана өз убагында териштирүүлөр жүргүзүлүп, ошол күнү мыйзамдуу чечимдер кабыл алынсын;

Бешинчи: Шайлоодо өз максаттарына жетүү үчүн добуш сатып алуу, адамдарды унаалар менен ташуу, административдик ресурс колдонуу же бирөөгө добуш берүүгө таасир этүү жана башка ушул сыяктуу мыйзам бузууларды аныктап, бөгөт коюу үчүн бардык ыкчам кызматтар күнү-түнү күчөтүлгөн тартипте иш алып барышсын;

Алтынчы: Шайлоо тилкелеринин айланасында адамдардын жана автоунаалардын тыгындарын болтурбоо, эпидемиялык коркунучтарды алдын алуу, коомдук транспорттун тоскоолдуксуз жүрүүсүнө шарт түзүү менен элдин турмуш-тиричилигине ыңгайсыз учурларды болтурбоо боюнча жергиликтүү бийлик органдары, шайлоо комиссиялары жана жооптуу мамлекеттик органдар менен биргеликте жер-жердеги биринчи жетекчилер жеке иш алып барсын.

Жетинчи: Эл арасында бөлүп жарууларды, ар түрдүү чындыкка дал келбеген маалыматтарды, коомчулукту козутуу үчүн мыйзамсыз аракеттерди болтурбоо үчүн ыкчам иш-чаралар тынымсыз жүргүзүлсүн.

Сегизинчи: Аба ырайынын сууктугуна карабастан, шайлоо тилкелеринде өз милдеттерин аткарып, коопсуздукту сактап жаткан катардагы кызматкерлерге тиешелүү шарттарды түзүү облустук жана шаар-райондук деңгээлдеги ички иштер органдарынын биринчи жетекчилерине жүктөлөт. Эгерде шарт түзүлбөй, маселелер жеринде чечилбей калгандыгы аныктала турган болсо, анда ошол жердин жетекчиси жана жооптуу орун басарлары менен бирге өз каалоолору менен иштен кете берсе болот. Бул талаптар жалпы жетекчилерге жеткирилсин;

Тогузунчу: Бир дагы милиция кызматкери шайлоого жана саясатка аралашпасын. Элге орой мамиле жасап, шайлоо тилкелерине келген жарандарга түшүндүрүү иштерин жүргүзүүнүн ордуна текеберленип, жүктөлгөн милдеттерди аткарбаган кызматкерлер, ошол жерге жооптуу жетекчиси менен кошо катуу тартиптик жазага кириптер болот. Бул талапты шайлоо күнү болуп өтүүчү эртең мененки “Нускамада” бардык кызматкерлерге жеткирилсин;

Онунчу: Ички иштер органдарынын шайлоо учурунда аткара турган негизги милдети – элдин коопсуздугун камсыздап, шайлоону тынч жана одоно тартип бузуусу жок өткөрүү болуп эсептелет. Ошондуктан, ар бир жетекчи жүктөлгөн милдеттерди так жана кынтысыз аткарсын;

Он биринчи: Шайлоо учурунда милициянын аткара турган иштери боюнча мурда негизги он тапшырма коюлган болчу жана аларды ишке ашыруу катуу көзөмөлгө алынсын. Эң башкысы жер-жерлерде одоно коомдук тартип бузууларга, массалык башаламандыктарга, жарандардын нааразычылыгы жаралган жагдайларга жол берилбей, коомго көмөк көрсөтүп, элге кызмат кылуу иштери алып барылсын.