Коронавирустан таза экени жөнүндө ПЧР тесттин жасалма тастыктамасын сатууга шектүү адам кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлиги (ИИМ) билдиргенин “Азаттык” радиосуна 27-августта иликтөө жүргүзгөн “Али Токтакунов Медиа хабы” кабарлады.

Маалыматка караганда, иликтөөдө аты “Бека малыш” деп аталган адам кыргыз-казак чек арасындагы “Ак-Жол” өткөрмө бекетинин аймагынан кармалганын журналист Мээрим Сырдыбаевага ИИМдин тергөөчүсү Гүлжигит Мурзабаев билдирди.

Сырдыбаева өзү бүгүн саат 11:00гө күбө катары көрсөтмө берүү үчүн Ички иштер министрлигине чакырылды.

“Өлүм-өмүрдөн акча жасаган шылуундар” деген аталыштагы журналисттик иликтөө 23-августта жарыяланган. Анда ПЧР тесттин тастыктамасын жасалмалап саткан бир нече факт келтирилген. Алардын бири “Ак-Жол” өткөрмө бекетинде аныкталып, бекетти “Бека малыш” каймана аттуу жигит тейлери, каалоочулар тастыктаманы 1700-3000 сомго эч тоскоолдуксуз сатып алса болору көрсөтүлгөн жана ири лабораториялардын аты аталган.

Лаборатория өкүлдөрү жасалма анализдерге тиешеси жоктугун, алардын атын саткан шылуундар ошондой менен алектенип жатканын билдиришкен.

Журналисттик иликтөөдө көтөрүлгөн маселе 25-августта өкмөттө талкууланган. Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Жылдыз Бакашова чукул жыйын куруп, тийиштүү жетекчилерге журналисттик иликтөөдө айтылгандарды териштирүү тапшырмасын берген.

Оорусу жоктугун тастыктаган кагазды өлкөнүн чек арасынан чыгып жатканда коңшу өлкөлөрдүн тийиштүү кызматтары талап кылышат.

Адистер мындай маселе чыкпашы үчүн бирдиктүү электрондук система ачып, ага ар бир адам каалаган компьютерден же телефондон кирип, тигил же бул тастыктаманын аныктыгын текшерсе боло тургандай шарт түзүү керектигин айтып жатышат. 

Булак: "Азаттык" үналгысы