Путин Кадыровго президент болууну сунуштады.

23-июнда Россиянын президенти Владимир Путин Рамзан Кадыров менен сүйлөшүп, Кадыровго дагы бир жолу Чеченстандын президенти болууну сунуш кылды. Бул тууралуу "Интерфакс" маалымдады. 

Сүйлөшүү учурунда Путин Чеченстанды Орусия Федерациясынын эң коопсуз аймактарынын бири деп атады. Мында Кадыровдун эмгеги зор экенин белгиледи.

Эске салсак, Чеченстанда президенттик шайлоо сентябрда өтөт.

Булак: Фабула.кж