Украина АКШдан Орусияга каршы күрөшүү үчүн электрондук согуш техникаларын сатып алууга жардам сурады.

Бул тууралуу Украинанын Тышкы иштер министри Дмитрий Кулеба «Рейтер» агенттигине берген маегинде билдирди.

Маалыматка ылайык, министр тиешелүү өтүнүчтү өткөн жумада АКШ мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен менен жолугушуу учурунда койгон. Кулебанын айтымында, «Орусиянын Украинадагы байланыштарды жаап салуу аракетине каршы туруу үчүн» Киев электрондук согуш ачуусу керек.

Жакында Киев жана Батыш өлкөлөрү Москванын Украинадагы агрессивдүү аракеттерине тынчсыздануусун билдиришти. Тактап айтканда, Вашингтон «агрессиянын» күч алганын жана Крым менен Украинанын чыгыш чек араларында орус аскерлеринин кыймылын жарыялады.

Бул боюнча Кремль: «Орусия өз аймагына өз аскерлерин ыктыярдуу мобилизациялап жатат», — деген жооп кайтарды. Орусиянын президентинин маалымат катчысы Дмитрий Песковдун айтымында, бул эч кимге коркунуч туудурбайт.

Маалымат үчүн, Европа Биримдигинин Эл аралык иштер жана коопсуздук саясаты боюнча жогорку өкүлү Жозеп Боррелл Орусия Украинанын чек арасындагы аскерлеринин санын көбөйтүп, Крымды аннексиялап алгандыгын, учурда аймакта 100 миңден ашуун аскер турганын билдирди.

Эске салсак, 20-апрелде Украинанын президенти Владимир Зеленский Орусиянын президенти Владимир Путинди Донбасска чакырып, сүйлөшүүнү сунуш кылган.

Булак: Маралфм