Апрелдин аягына чейин Өзбекстанга Орусиянын «Спутник V» вакцинасынын 300 миң дозасы жеткирилет.

Бул тууралуу өлкөнүн премьер-министри Абдулла Арипов Коронавируска каршы күрөшүү боюнча республикалык комиссиянын Ташкентте өткөн жыйынында билдирди.

Ариповдун айтымында, апрель айынын аягына чейин Кытайдан дагы бир миллион доза вакцина келет деп күтүлүүдө.

Премьер-министр өлкө жарандары үч вакцинанын ичинен каалаганын тандап алса болорун кошумчалады.

Буга чейин Өзбекстанда коронавируска каршы эмдөөдөн өткөндөр 400 миң кишиден ашканы кабарланган.

Булак: Кабар