Анын айтымында, бул датаны колдонуу туура эмес болушунун эки себеби бар.

АКШнын мурунку президенти Дональд Трамп президент Жо Байдендин АКШ аскерлерин Ооганстандан ушул жылдын 11-сентябрына чейин чыгаруу чечимин сынга алды. Бул тууралуу Трамптын билдирүүсүнө шилтеме берүү менен «Newsweek» басылмасы жазды.

«Мен Жо Байдендин 11-сентябрь окуясын Ооганстандан аскерлерибизди чыгарып кетүү күнү катары колдонушун каалабайт элем», — деди Трамп.

Анын айтымында, бул датаны колдонуу туура эмес болушунун эки себеби бар. Экс-президент Ооганстандан аскерлерди эртерээк чыгарып кетүүгө болот деп эсептейт. Ошондой эле ал президент болуп турганда АКШ аскерлеринин Ооганстандан эртерээк чыгып кетишине шарт түзүп бергенин, башкача айтканда, шаймандардын кыйла бөлүгүн алып салганын жана аскерлердин санын 16 миңден 2 миңге кыскартканын айтты.

Трамп ошондой эле 2001-жылдын 11-сентябрындагы террордук чабуулдар «өтө кайгылуу окуя» болгонун жана бул дата мекенине кайтып келген аскер кызматкерлердин кубанычын жок кыларын айтты.

Маалымат үчүн, 14-апрелде президент Жо Байден АКШнын Ооганстандагы миссиясы аяктаганын жана 1-майдан тарта аскерлер өлкөдөн чыгарылып баштаарын жарыялаган. Анын айтымында, аскерлерди чыгаруу 11-сентябрга чейин бүтүшү керек.

2020-жылдын февраль айынын аягында АКШ менен Талибан тынчтык келишимине кол коюшкан. Ага ылайык, Ооганстандагы америкалык контингент 1-майга чейин чыгып кетиши керек эле. Бирок бул мөөнөткө аз эле убакыт калган жана бул маселенин так планы иштелип чыккан эмес. Буга байланышту ушул жылдын январь айында АКШнын жаңы президенти Жо Байдендин администрациясы Талибан менен түзүлгөн келишимди кайра карап чыгуу ниетин билдирген. Ошондуктан АКШ аскерлеринин Ооганстандан чыгарылуу мөөнөтү дагы 5 ай 10 күнгө артка жылдырылды.

Булак: Маралфм