Орусиянын президенти Владимир Путин 2020-жылы 9,994 миллион рубль киреше тапкан.

Бул 2019-жылдан 270 миң рублга көп. Бул туралуу РИА новости жазып чыкты.

Путиндин өткөн жылдагы киреше-чыгашасы, мүлкү жана мүлктүк милдеттенмелери тууралуу Кремлдин сайтында жарыяланган.

Кремлдин сайтында көрсөтүлгөндөй, мурункудай эле Путиндин декларациясында аянты 77 чарчы метр батир жана гараж жазылган. Ал эми колдонууда аянты 153,7 чарчы метр болгон дагы бир батир жана 18 чарчы метрлик гаражы бар. Ошондой эле «ГАЗ М21» жана «Нива» унаалары менен «Скиф» чиркегичи жазылган.

Путин 2019-жылы 9,726 миллион рубль тапкан, 2018-жылы кирешеси 8,648 миллион рублди түзгөн болчу.

Ал эми 2017-жылы эң көп делген 18,7 миллион рубль пайда көргөн. Ошол убакта чоң аянттагы жерлерди сатканы үчүн кирешеси көбөйгөнү белгилүү болгон.

Булак: Маралфм