Өзбекстандын Борбордук шайлоо комиссиясы президенттик шайлоого карата даярдануу программасын бекитти.

Программа укуктук тармакты жогорулатуу, ошондой эле шайлоого катышууда жарандардын активдүүлүгүн арттырууга багытталган.

Өзбекстанда кезектеги президенттик шайлоо мыйзамга ылайык, 2021-жылдын 24-октябрында өтөт.

Буга чейинки президенттик шайлоо тунгуч президент Ислам Каримовдун өлүмүнө байланыштуу 2016-жылдын 4-декабрында мөөнөтүнөн мурда өткөрүлгөн. Ага 4 талапкер катышкан. Шайлоонун жыйынтыгында Шавкат Мирзиёев 88,61% добуш менен жеңип чыккан.

Өзбекстанда президенттик кызматтын мөөнөтү — 5 жыл.

Булак: Маралфм