Кадыров мечиттердин курулушуна каршы иш-чараларга катышып келген Навальный эми өзү мусулмандардын ырайымына ээ болууга аракет кылып жатканын айтат.

Чеченстандын президенти Рамзан Кадыров абактагы орусиялык саясатчы Алексей Навальныйдын «Куран» китебин абакка киргизүү талабы боюнча пикирин билдирди. Ал Навальныйдын бул аракетин жеке максаттары үчүн колдонуп жатат деп эсептейт.

Кадыров мечиттердин курулушуна каршы иш-чараларга катышып келген Навальный эми өзү мусулмандардын ырайымына ээ болууга аракет кылып жатканын айтат. Ошол эле учурда эгер чын жүрөктөн өкүнсө, акыйкат жолуна түшкүсү келсе, Исламды кабыл алса жана чын жүрөктөн Курандын сөзүн уккусу келсе, ага Куран берсе боло турганын кошумчалаган.

Буга чейин Владимир облусундагы ИК-2 колониясында жаткан Навальный «Куранды» жана башка китептерин бербей койгону үчүн түрмө жетекчилигине нааразычылыгын билдирген. Ал мусулман эмес, болгону менен билимин өнүктүрүү, китептин маанисин түшүнүү максатында Куранды үйрөнгүсү келип жатканын, бирок колония жетекчилиги ага эч кандай китеп бербей жатканын айткан.

Булак: маралфм