Америкадагы бороон: 20 чакты адамдын өмүрү кыйылды

Американын түштүгүндөгү бороон кеминде 21 адамдын өмүрүн алды. Андан тышкары миллиондогон адам электр жарыгы жок отурат.

«ВВС» жарыялаган маалымат боюнча, Техас өзгөчө жабыркаган. Техас, Луизиана, Кентукки, Түндүк Каролина жана Миссури штатынан адамдар каза болгону айтылып жатат.

Америкалык метеорологдордун маалыматы боюнча, 17-февралда кечинде Техаста боорон тынчып баштаган. Бирок түштүк аймактарда абанын температурасы дагы бир нече күн төмөн болот деп эскертип жатышат.

Учурда Американын аймагынын 71 пайызында кар бар.

Бороондун кесепети Мексиканын түндүк жана борбордук бөлүгүнө да залакасын тийгизип, электр жарыгы улам өчүп жатат.

Булак: Баракелде