Тажикстанда бир айдан бери коронавирус жуктурган адам каттала элек

 Акыркы суткада Тажикстанда коронавирус инфекциясын жуктурган жаңы бейтап катталган жок, деп билдирди өлкөнүн Саламаттыкты сактоо министрлиги.

Расмий маалыматтар боюнча, Тажикстанда бир айдан ашык убакыттан бери COVID-19 вирусун жуктургандар катталган эмес.

2020-жылдын 30-апрелинен бери Тажикстанда жалпы 13308 адамдан коронавирус табылып, анын ичинен 13218 бейтап айыкты. Оорунун кесепетинен 90 адам көз жумган.

Булак: Баракелде