Путин Геленжектеги «хан сарай» ага таандык эмес экенин билдирди
Өткөндө оппозициячыл саясатчы Алексей Навальный негиздеген Коррупцияга каршы күрөш фонду президент Владимир Путинге таандык деген имараттар жөнүндө иликтөө жарыялаган. Анда Краснодар аймагындагы Геленжикке жакын жердеги Путинге таандык деген «хан сарай» тууралуу сөз болот. Бул фильмди бир апта аралыгында «YouTube» порталында 85 миллиондон ашык адам көрдү. Буга Орусиянын президенти Владимир Путин Коррупцияга каршы күрөш фонду жарыялаган иликтөөдө айтылган Геленжектеги «хан сарай» ага таандык эмес экенин билдирди. Бул тууралуу Путин 25-январда студенттер менен онлайн жолугушуунун жүрүшүндө жарыялады. Анда орус президенти Кара деңиздин жээгиндеги объект ага жана анын жакындарына эч тиешеси жок экенин айтты.
Булак: Элгезит