Светлана Тихановская БУУнун Коопсуздук кеңешинин өкүлдөрүнө баяндама жасады

Беларус оппозициясынын лидери Светлана Тихановская БУУнун Коопсуздук кеңешинин өкүлдөрүнө атайын баяндама жасады. Бейрасмий жолугушуу Беларустагы маалымат каражаттарынын эркиндигине арналды.

БУУнун атайын баяндамачысы Беларустагы журналисттер бирикмесинин маалыматына таянып, 2020-жылы Минск жана башка шаарларда 450дөн ашык журналист кармалып, жүзгө жакыны камакка алынганын билдирди. Өлкөдө 50дөй интернет барак жабылган.

Тихановская жолугушууда сүйлөп жатып, эл аралоык коомчулукту камактагы журналисттерди бошотууга салым кошууга чакырды.

Ошондой эле беларус оппозициясынын өкүлү БУУнун Коопсуздук кеңешинин атайын жыйынын өткөрүп, Беларустагы кырдаалды талкуулоого үндөдү.

Булак: Азаттык