Бишкек, "Саясат. kg". Германиянын федералдык канцлери менен Россиянын президентинин өлүү дүнүйөгө болгон мамиледеги айырмачылыгы. 

Экс-депутат Өмүрбек Абдырахманов соцтармактагы баракчасына Германиянын федералдык канцлери Ангела Меркель менен Россиянын президенти Владимир Путиндин шаар сыртындагы жеке менчик үйлөрүнүн сүрөтүн жарыялап: 

"Демократия жана автократия... Ангела Меркелдин менчик үйү жана Путиндин менчик хансарайы. Хансарайдын баасы 1,5 миллиард доллардан ашат..." - деп жазды. 

Эске салсак, үч күн мурда Ютуб каналына Алексей Навальный Путиндин хансарайы тууралуу тасма жайгаштырган. Ал тасманы 2,5 күндө 53 миллион адам көргөн. 

Сүрөттө: 1. Ангела Меркелдин шаар четинде жайгашкан менчик үйү; 2. Владимир Путиндин хансарайы.