Сахара чөлүндө абанын температурасы төмөндөп, кар жаады.

Аба ырайынын өзгөчө кубулушун фотограф Карим Бучета сүрөткө тартып, Инстаграмдагы баракчасына жарыялады.

Фотограф Алжирдин Айн-Сефра шаарынан анча алыс эмес жердеги чөлдү, Сауд Аравиясынын түндүк-батышындагы Табук районундагы төөлөрдү сүрөткө түшүргөн.

Зе Сан (The Sun) басылмасы белгилегендей, Сахара чөлүндө абанын температурасы +50 C чейин ысык болот. Бирок быйыл январь айында абанын температурасы -0 C төмөндөгөн.

Январь айы — Сауд Аравиядагы «эң суук» мезгил. Бул айда абанын температурасы +20,2° болот. Ал эми Табук — Сауд Аравиянын «эң суук региону». Ал жакта абанын орточо температурасы +4° болот.

Ошондой эле Ливан, Сирия жана Иранда да кар жаады.

     

Булак: Баракелде