Алексей Навальный аэропортто кармалды

Алексей Навальный Германиядан Орусияга кайтып келген учурда аэропортто кармалды. Бул тууралуу Жазаларды аткаруу федералдык кызматынын Москва бөлүмү маалымдаганын РИА жазды.

Учак Москвадагы Шереметьево аэропортуна конгон.

“Шереметьево аэропортунда Орусиянын Москвадагы Федералдык Жазаларды аткаруу кызматынын ыкчам башкармалыгынын издөө бөлүмүнүн кызматкерлери шарттуу жазага кесилген Алексей Навальныйды кармашты, ал сыноо мөөнөтүн бир нече жолу бузгандыгы үчүн 2020-жылдын 29-декабрынан бери издөөдө жүргөн”, – деп айтылат билдирүүдө.

Департаменттин белгилешинче, Навальныйдын мындан аркы баш коргоо чарасы соттун чечими менен ал камакта болот.

Башкармалыктын айтымында, буга чейин соттолуучунун адвокаты Навальныйдын издөөдө жүргөндүгүнүн тизмеси боюнча чыгарылган жарлык менен таанышкан, ошондой эле Жазык-аткаруу инспекциясы тарабынан Симоновский райондук сотуна шарттуу жазаны алып салуу жана өкүм боюнча дайындалган жазаны аткаруу боюнча жиберилген сунуш менен таанышкан.

Булак: reporter.kg