Байден экинчи ирет коронавируска каршы эмдөөдөн өттү

АКШнын жаңы шайланган президенти Жо Байден коронавируска каршы вакцинанын экинчи дозасын алды. Бул тууралуу Reuters жазды.

Вакцина Нью-Йорктун Делавэр штатындагы Christiana Care ооруканасында берилди. Бул жолку эмдөө жараяны да журналисттердин катышуусунда өттү.

78 жаштагы Байден «Pfizer/BioNTech» компаниясынын вакцинасы менен дарыланды. Ал вакцинанын алгачкы дозасын 21-декабрда алган. Ошол кезде Байден жарандарга үлгү болуу үчүн жана дарынын коопсуз экендигин көрсөтүү максатында эмдөөдөн өткөнүн айткан. Ошондой эле вакцинанын жайышылы менен эл да эмдөөдөн өтүүгө активдүү түрдө катышат деген үмүтүн билдирген.

Булак: Маралфм