Эртең Казакстанда да шайлоо өтөт

Бүгүн, 9-январда Казакстанда шайлоо алдындагы жымжырттык күнү күчүнө кирди. Бул күнү кайсы бир партия үчүн үгүт жүргүзүүгө тыюу салынат. Мындай чектөө шайлоо күнү да иштейт.

Казакстандын Мажилис (парламенттин курамына кирген төмөнкү палата, ал жакта 107 депутат бар) жана маслихаттарын (облус, район же шаарлардагы жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органы) шайлоого 5 партия катышууга алган. Алар: элдик-демократиялык патриоттук «Ауыл» партиясы, «Нур Отан» партиясы, «Адал» партиясы, «Ак жол» демократиялык партиясы жана Казакстандын элдик партиясы.

Эртең, 10-январда шайлоо участкалары эртең мененки саат 7:00дө ачылып, кайра саат 20:00дө жабылат.

Булак: Баракелде