Илон Маск биринчи жолу “дүйнөдөгү эң бай адам” деп табылды

“Tesla” жана “SpaceX” компаниясынын негиздөөчүсү Илон Маск биринчи жолу “дүйнөдөгү эң бай адам” деп табылды. Бул тууралуу чет өлкөлүк ММКлар жазып чыкты.

Ошол эле учурда, Маск 2020-жылды 27 миллиард доллар байлыгы менен дүйнөдөгү эң бай элүү кишинин тизмесине араң кошулган. “Тесланын” акцияларынын тез өсүшүнүн натыйжасында ишкердин байлыгы 185 миллиард долларга жеткен.

Муну менен ал 2017-жылдан бери дүйнөдөгү эң бай адамдардын сап башында келе жаткан “Амазон” компаниясынын негиздөөчүсү Жефф Безосту артта калтырды.

Жефф Безос 182 миллиард долларлык байлыгы менен экинчи сапка түштү, ал эми Билл Гейтс дагы эле 134 миллиард байлыгы менен үчүнчү орунда келе жатат.

Булак: Элгезит