Ким Чен Ын АКШны Түндүк Кореянын «башкы душманы» деп атады

Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын АКШны өлкөнүн «башкы душманы» деп атады. Бул тууралуу «Ренхап» агенттиги билдирди.

Ким Чен Ын Вашингтондун Пхеньянга карата саясаты АКШнын маанилүү кызмат адамдарына карабастан, өзгөрүүсүз кала берерин айтат. Ошондой эле ал эки өлкөнүн мамилесинин жакшыруусу үчүн Вашингтон «касчыл саясатынан» баш тартышы керектигин кошумчалады. Мындан тышкары Корея ядролук куралдын стратегиялык кубаттуулугун арттырарын да белгилеген.

Түндүк Корея лидеринин убадасы боюнча өлкө ядролук курал программасын жаңы технологиялардын жардамы менен жакшыртууну улантмакчы.

АКШ президенти Дональд Трамп жана Ким Чен Ын эки өлкөнүн расмий мамилесинин жоктугуна карабай, буга чейин бир нече жолу жолугушуу өткөрүп, алардын жеке достук мамилеси бар экендигин айтып келишкен.

Булак: Маралфм