Президенттик шайлоо: Трамп Жоржия штатындагы добуштарды кайра санап чыгууну талап кылды
АКШнын учурдагы президенти Дональд Трам Жоржия штатынын мамлекеттик катчысынан президенттик шайлоодо өзүнө берилген добуштарды кайра санап чыгууну талап кылды, деп билдирди «Би-Би-Си».
Трамп мамлекеттик катчы Брэд Раффенспергерге телефон аркылуу: «Мен болгону 11 780 добуш тапкым келет», - деген.
Рафенспергер эсеп туура жүргүзүлгөн деп жооп берген.
Жаздыруудан Трамп Жоржиянын мамлекеттик катчысын бирде ынандырып, бирде кысым көрсөткөнүн угууга болот. Ал штаттагы шайлоодо жеңишке жетишкенин ырастап, Раффенспергерди «сен кайра эсептедим деп айтсаң, эч нерсе болбойт» деп ишендирет.
Катчы: «Урматтуу президент, сиз айтып жаткан нерселер туура эмес», - деп жооп берген.
«Сиз алардын эмне кылганын билесиз жана сиз ал жөнүндө эч кимге айтпай жатасыз. Бул кылмыш. Сиз буга жол бере албайсыз. Бул сиз үчүн жана сиздин юристиңиз Райан үчүн чоң коркунуч», - дейт Трамп.
Андан кийин ал кошумча 11 780 добушту талап кылган. Бул ага жалпы штаттагы 2 473 634 добушту берет, бул 2 473 633 добуш алган Байденге караганда бир добушка көбүрөөк.
Жо Байден Жоржияда 306 шайлоочунун добушун алып, жеңишке жеткен.
Булак: Баракелде