Пашинян Армениянын чек ара аймагына сапарын кыскартып, Ереванга чукулунан кайтты

Армениянын премьер-министри Никол Пашинян түштүк чек арадагы Сюник облусуна жасап жаткан сапары маалында Горис, Капан жана Мегри шаарларын дагы кезе турганын алдын ала жарыялаганына карабастан, бул оюн өзгөртүп, 21-декабрда борбор шаар Ереванга кайтып келди. Пашинян “Фейсбуктагы” өз барагында Горис шаарына карай кетчү автожол нааразылык чараларын уюштуруучулар тарабынан тосулуп турганын жана аза күтүү күндөрү аларга каршы күч колдонуудан баш тартаарын билдирди.

“...Бүгүн биз Сюникте калайык менен жолугуштук, набыт болгон сюниктик жоокерлердин мүрзөлөрүнө барып аза күттүк. Бул жүрүм улантыла бермекчи. Биз чагымдарга эч алдырбайбыз”. – деди Пашинян. Ал Сюник облусунун Сисиан шаарындагы көрүстөнгө келип, Тоолуу Карабактагы согушта курман болгон жоокерлерди эскерди.

Пашиняндын айтымында, 21-декабрда чек арада жүргүзүлүп жаткан демаркация иштери 2010-жылы кабыл алынган Армениянын аймактык бөлүнүшү тууралуу мыйзамда алдын-ала такталган болчу.

Сюник облусуна Армениянын чек арачы аскерлерин жайгаштыруу - өлкөнүн чек ара коопсуздугун чыңдайт жана өлкө орток коопсуздук системасына кошулууда, деди Пашинян. Бул сөзү менен ал Армениянын Жамааттык коопсуздук келишими уюмуна мүчөлүгүн эске салды.

Сюник облусунун бир катар тургундары дүйшөмбүдө таңга маал Горис шаарына кетчү жолду бууп, Пашиняндын бул шаарга өтүп келишине каршы бөгөт уюштурушту. Жолду буугандар “Азаттыктын” армян кызматынын кабарчыларына да тоскоол кылууга далаалат жасашкандыгы маалымдалды.

Булак: Азаттык