Жо Байден расмий түрдө АКШнын жаңы президенти болуп шайланды
Шайлоочулар коллегиясы штаттардагы добуш берүүнүн жыйынтыгына ылайык, Жо Байдендин АКШнын президенти болуп шайлангандыгын тастыктады.
Шайлоонун жыйынтыгы боюнча Байден 306 добуш, ал эми Дональд Трамп 232 добуш алды. Жеңишке жетүү үчүн 270 добуш алуу керек болчу.
Жо Байден шайлоочулар коллегиясынын жыйынтыгы боюнча АКШда элдин эрки жеңгенин айтты. «Америкада дагы бир жолу конституциябыз жана элдин эрки жеңишке жетти», - деди ал.
Жаңы президенттин инаугурациясы 20-декабрда өтөт.
Булак: Баракелде