«Чанъе-5» Айды иликтөө зонду 24-ноябрда учурулган.

Кытайдын «Чанъэ-5» изилдөө зонду Айдын көрүнүп турган тарабына ийгиликтүү конду жана Жерге алгачкы сүрөттөрүн жөнөтүп жиберди. Бул тууралуу «Синхуа» маалымат агенттиги Кытайдын Улуттук космостук башкармалыгына шилтеме берүү менен билдирди.

«Чанъэ-5» зондунун негизги милдети Айдын бетинде 2 метр тереңдикке чейинки скважинаны бургулап, изилдөө үчүн 2 кг топуракты алуудан турат. Андан кийин, учуу модулу Айдын бетинен көтөрүлүп, анын тегерегиндеги турган орбиталык комплексине токтойт. Үлгүлөрдү кайтаруу модулуна көчүргөндөн кийин, учуу модулу кайрадан орбиталык кайтуу комплексинен бөлүнүп чыгат.

Орбиталык жана кайтып келүү модулдары Жерге кайтып келет. Кытайдын түндүгүндөгү Ички Монголия автономиялуу аймагындагы Хошун Сизиванг аймагына конушу пландаштырылган.

«Чанъе-5» Айды иликтөө зонду 24-ноябрда учурулган. Ал Айга конуу, анын бетинен көтөрүлүп чыгуу, орбитадагы үлгүлөрү бар контейнерлерди жайгаштыруу жана жүктөө, ошондой эле Жерге кайтуу үчүн иштелип чыккан төрт модулдан турат. Алгач изилдөө зондун учуруу 2017-жылга пландаштырылган, андан кийин 2019-жылдын аягына, андан кийин ушул жылдын ноябрына жылдырылган.

Булак: Баракелде