Демократиялык партиянын талапкери Жо Байден АКШнын 46-президенти болду.

АКШда президенттик шайлоонун жыйынтыгы расмий түрдө жарыялана элек. Бирок Байден Пенсильвания штатында атаандашы Дональд Трамптын үстүнөн жеңишке жетишип, муну менен жалпы шайлоочулардын (выборщик) 273 добушуна ээ болду.

Президенттик шайлоодо жеңүү үчүн шайлоочулардын (выборщик) эң аз 270 добушу керек болчу.

Жаңы президенттин толук аты жөнү – Жозеф Робинетт Байден. Ал 1942-жылы 20-ноябрда Пенсильвания штатында төрөлгөн.

Чоң аталары Англиядан, ал эми тайлары Ирландиядан АКШга көчүп келишкен.

1972-жылы Байдендин биринчи аялы Нелия жана кызы Наоми жол кырсыкта каза болуп калышкан. Ал эми эки уулу Бо жана Хантер оор жаракат алып, тирүү калышкан.

Байден 1972-жылы 30 жашында сенатор болуп шайланып, ошол кезден бери АКШнын сенатына Делавэр штатынан шайланып келген.

2009-2017-жылдары Барак Обама президент болуп турганда вице-президент кызматын аркалаган.

Байден АКШнын эң улгайган президенти болуп калды. Ал 20-ноябрда 78 жашка толот.

Ал эми анын атаандашы Дональд Трамп шайлоонун жыйынтыгын тааныбай турганын айтууда.

Булак: Баракелде