Дүйнөдө 48 миллиондон ашык адамга коронавирус жукту
Дүйнө жүзүндө коронавирус жуктурган адамдардын саны 48 миллиондон ашты. Жонс Хопкинс университетинин бүгүн, 5-ноябрдагы эсеби боюнча, жалпы 48 034 287 адамдан дарт аныкталган.
Бул оорунун кесепетинен дүйнөдө жалпы 1 224 415 адам көз жумду.
Коронавирус жуктурган жана көз жумган адамдардын саны боюнча Америка Кошмо Штаттары алдыда. Бул өлкөдө жалпы 9,4 млн адамга оору жугуп, 233,6 миң адам көз жумду.
Булак: Баракелде