Байден тарапкерлерине кайрылды

Демократиялык партиянын талапкери, мурдагы вице-президент Жо Байден Делавэр штатынын Уилмингтон шаарында тарапкерлеринин алдына чыкты. Ал быйыл алдын ала добуш бергендер көп болгондуктан бюллетендерди саноо көп убакыт алаарын айтты. Ошондой эле бир катар штаттардагы шайлоонун алдын ала жыйынтыктарына оптимисттик көз карашта турганын билдирди. Ал Аризона, Миннесота штаттарында алдыга чыкканын белгилеп, чечүүчү штаттардын бири деп саналган Пенсильванияда да жеңерине ишенип турганын кошумчалады.

Республикалык партиянын талапкери, президент Дональд Трамп да жакынкы сааттарда кайрылуу жасай турганын “Твиттер” аркылуу билдирди. Ал добуш берүүнүн жыйынтыгын ийгилик катары сыпаттап, шайлоону “уурдоо” аракети болуп жатканын, бирок ага жол берилбей турганын жазды.
АКШда бир катар штаттарда добуштар толук саналып бүтө элек. Бул шайлоодо 100 миллиондой америкалык жаран алдын ала добуш берүү укугунан пайдаланды.

40тай штаттан келип жаткан баштапкы жыйынтыктарга ылайык, Трамп (209) менен Байден (208) үзөңгүлөш келе жатат. Өлкө боюнча шайлоочулар коллегиясындагы 538 добуштун кеминде 270ине ээ болгон талапкер жеңүүчү болуп табылат.

Булак: Азаттык