Дональд Трамп менен Джо Байден президенттикке ат салышууда.

АКШдагы президенттик шайлоодо 59 миллиондон ашуун адам мөөнөтүнөн мурда добуш берди.

ТАСС билдиргендей, Техас шайлоочулардын саны боюнча лидер штат бойдон калууда, ал жакта 7,193 миллион америкалык мөөнөтүнөн мурда добуш берген.

Кийинки орундарда Калифорния (6,500 млн), Флорида (5,722 млн) жана Түндүк Каролина (3,100 млн) штаттары бар.

Джорджия, Мичиган, Виржиния, Иллинойс, Огайо, Пенсильвания, Теннеси, Нью-Джерси, Аризона, Колорадо, Вашингтон, Миннесота, Массачусетс штаттарында өз тандоосун мөөнөтүнөн мурда жасагандардын саны миллиондон ашты.

Ошондой эле кечээ, 25-октябрда учурдагы президент Дональд Трамп да Флорида штатындагы Уэст-Палм-Бич шаардык китепканасында мөөнөтүнөн мурда добуш берген. Ал коронавирус менен ооруп айыкканынан улам ушундай кадамга барганын айтып, журналисттердин суроолоруна: «Мен Трамп аттуу жигитке добуш бердим», — деген тамашалуу жообун узаткан.

Алдыдагы 3-ноябрда боло турган АКШдагы жалпы шайлоодо президент жана вице-президент, 35 сенатор, Өкүлдөр палатасынын 435 мүчөсү, штаттардын жана аймактардын 13 губернатору жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары шайланат.

Дональд Трамп менен Джо Байден президенттикке ат салышууда.

Булак: Маралфм