АКШда президенттик шайлоонун акыркы дебаты өттү

АКШда экинчи мөөнөткө шайланып келүүнү көздөп турган президент Дональд Трамп менен анын саясий атаандашы, Демократиялык партиянын талапкери, мурдагы вице-президент Жо Байден акыркы теледебатка катышты. Бейшембиде Нашвилл шаарындагы Белмонт университетинин залында уюштурулган, президенттикке талапкерлердин 90 мүнөттүк дебаты биринчисине салыштырмалуу ирээттүү өттү.

Соңку сурамжылоолорго ылайык, бир катар көрсөткүчтөр боюнча саясий атаандашынан артта келе жаткан Трамп дебатта коронавирус пандемиясына каршы күрөш чараларын жактады. Ал Кошмо Штаттар коронавирус менен «жашаганды үйрөнүп жатат» деп айтты жана жыл этегине чейин вакцина даяр болорун билдирди. Ошондой эле Байденди коррупцияга байланыштуу айыптап, уулу Хантердин Украинадагы ишине байланыштуу айыпты эске салды.

Байден мындай дооматтарды четке кагып, Трампты «пандемияны токтотуу боюнча планы жок» деп сынга алды. Ошондой эле Трампты «салык документтерин жаап-жашырып келди», «расалык жек көрүүнү козгоду» деп күнөөлөдү.

Бул телетаймаш айрым бир шайлоочулар азыркыга чейин кимди шайлаарын чече элек маалга туш келди. Кошмо Штаттарда президенттик шайлоо 3-ноябрда өтөт.

Булак: Азаттык