Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев журналист Бобомурод Абдуллаевге Ташкенттен үч бөлмөлүү батир белек кылды.

Бул тууралуу журналист 18-октябрда Facebook баракчасы аркылуу билдирди. “8-сентябрда президент Шавкат Миромонович Мирзиёев Ташкентте жаңы курулган үйдөн үч бөлмөлүү батир белек кылды. Ал бардык турмуш-тиричилик техникасы менен жабдылган. Үйгө 5-октябрда көчүп келдик. Президент Шавкат Мирзиёевге чоң рахмат! Аллах ыраазы болсун!”,- деди журналист. Мурда маалымдалгандай, 9-августта Кыргызстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети (УКМК) Өзбекстандын өтүнүчү менен Абдуллаевди Бишкекте кармаган. Бишкек соту аны 8-сентябрга чейин атайын кызматтын тергөө абагында камакта калтыруу жөнүндө чечим чыгарган. УКМК Абдуллаев 22-августта Ташкентке өткөрүлгөнүн кабарлаган. Журналист Ташкентке жеткирилгендин эртеси, 23-августта жүрүм-турум эрежелерин бузбоо жөнүндө тилкаттын негизинде бошотулган. Азырынча Өзбекстанда журналистке кандай айыптар тагылганы белгисиз. Бул тууралуу расмий маалыматтар жок. Журналист өзү Бишкекте кармалгандан кийин мекенинде “Кара Мерген” деген каймана ысым менен өкмөткө каршы макалаларды жазууга айыпталып жатканын билдирген. Бирок биздин маалыматыбыз боюнча, Өзбекстандын маркум президенти Ислам Каримовдун режими жана анын тегерегиндегилердин көшөгөнүн артындагы былык иштерин ашкерелеп жазган “Усман Хакназаров” деген каймана ысым менен сын макалаларды жазып келген автор да дал ушул Бобомурод Абдуллаев экендиги айтылууда. Эмнеси болсо да кошуна мамлекеттин азыркы президенти журналистти камактан гана бошотпостон, борбор калаа Ташкенттен үч бөлмө заманбап шарты бар үй белек кылышы анын адамкерчилигин гана эмес, жалпы эле пресса өкүлдөрүнө сый-урмат менен мамиле кыларын билдирип турат.

Булак: "Майдан.kg" газетасы