Жаңы Зеландиянын премьер-министри Джансинда Ардерн дагы бир мөөнөткө кызмат ордунда калат. Анткени 17-октябрда өткөн парламенттик шайлоодо анын «Эмгек» партиясы жеңишке жетишти.

«Euronews» белгилегендей, жеңиш тарыхый мааниге ээ. «Эмгек» партиясы акыркы жарым кылымда эң жакшы натыйжаларын көрсөтүштү жана өз алдынча өкмөттү түзө алышат. Аталган партияны шайлоочулардын жарымынан көбү колдошту.

Партиянын башкы атаандашы «Улуттук» партиясы болжол менен 26% добуш алып, жеңилгенин моюндады. Лидери Джудит Коллинз Ардернге чалып, куттуктап: «Биз өзгөрөбүз. Биздин «Улуттук» партия ушул жеңилүүдөн кийин мындан да күчтүү, мындан да уюшкан, бирдиктүү партия болот», — деп айткан.

Жаңы Зеландиянын парламенти үч жылда бир, жашыруун добуш берүү менен шайланат. Бул жолу 120 парламенттик орунга 17 партиянын 566 талапкери жана 35 өзүн-өзү көрсөткөн талапкер ат салышты. Мыйзам чыгаруу органына депутат болуш үчүн алар 5% дык босого баллдан өтүшү керек.

Жалпы парламенттик шайлоолор менен катар Жаңы Зеландияда марихуана менен эвтаназияны мыйзамдаштыруу боюнча референдум да өттү. Эки демилге тең буга чейин парламент тарабынан колдоого алынган. Аталган мыйзам жалпы элдик жактыруудан кийин гана күчүнө кирмекчи.

Булак: Маралфм