2017-жылы, январда Дональд Трамптын инаугурациясынан кийинки аялдар маршына үч млн. адамга чейин катышкан.
Уюштуруучулардын маалыматына карганда, жекшембидеги митингдер бардык штаттарда болуп, жалпы катышуучулардын саны 100 миңден ашты. Алардын көпчүлүгү – аялдар.
Вашингтондо жөө жүрүш Ак үйдүн жанынан башталып, Капитолийге жана Жогорку соттун имаратына чейин созулду. “Америка абазы” радиосу Улуттук парк кызматы марштын уюштуруучуларына 6 миңден 10 миңге чейинки адамга гана митингге чыгуусуна уруксат бергенин кабарлады. "Франс-Пресс" агенттиги Вашингтондогу жана башка шаарлардагы жүрүштүн масштабы мурунку жылдарга салыштырмалуу аз болгонун, буга коронавирус инфекциясы себеп болгонун байкаган.
2017-жылы, январда Дональд Трамптын инаугурациясынан кийинки аялдар маршына үч млн. адамга чейин катышкан.
АКШда президенттик шайлоо 3-ноябрга белгиленген. Ага президент Дональд Трамп менен демократтардын талапкери Жо Байден катышат.
Булак: Азаттык