Эгерде АКШ президенти Дональд Трамп 3-ноябрдагы президенттик шайлоодо утулуп калса, бийликти тынч өткөрүп берет.

Бул тууралуу ал Майамидеги шайлоочулары менен жолугушуу учурунда айтты. Жолугушуу «NBC» каналынан түз көрсөтүлдү.

«Мен бийликти тынч өткөрүп берүүгө кепилдик берем. Бирок бул шайлоонун таза өтүшүн каалайм», — деген Трамп шайлоодо жеңишке жетерине ишенип турганын кошумчалады.

Буга чейин Дональд Трамп шайлоодо утулуп калса, жыйынтыгын тааныбай турганын, себеби атаандашы бурмалоо аркылуу гана жеңишке жете аларын билдирген.

Трамптын шайлоодогу атаандашы — Джо Байден.

АКШда президенттик шайлоо 3-ноябрда өтөт.

Булак: Маралфм