Эгер Европа Биримдиги Американын товарларына 4 миллиард долларлык бажы салыгын салса, анда АКШ буга кескин жооп кайтарат.

Бул тууралуу АКШнын президенти Дональд Трамп билдирди.

Трамп Дүйнөлүк Соода Уюмунун Брюсселге жылына болжол менен 4 миллиард долларлык бажы төлөмдөрүн киргизүүгө уруксат берген чечимин комментарийлеп жатып : «Эмне болорун көрөбүз. Эгер алар өч алууну колдонушса, биз алардыкынан да катаал өч алууну киргизебиз», — деди.

Буга чейин Дүйнөлүк Соода Уюму АКШнын Boeing авиация заводуна карата жеңилдиктерди таанып, Европа Биримдигине төрт миллиард долларлык Америка өндүрүмдөрүнө соода алымдарын киргизүүгө уруксат берген.

Өткөн жылы Дүйнөлүк соода уюму Вашингтонго 7,5 миллиард долларлык Европа товарларына бажы төлөмдөрүн киргизүүгө уруксат берген.

Boeing жана Airbus компанияларына жеңилдиктерди берүү же бербөө боюнча талаш-тартыштар 16 жылдан бери уланып келе жатат. Бул тарыхтагы эң ири корпоративдик кагылышуу болду.

Булак: Маралфм