Комиссиянын төрагасы Бахтиёр Худоерзоданын айтымында, шайлоого катышкандардын саны 85,39% ды түздү.

Тажикстандагы президенттик шайлоодо 90,92% добуш менен учурдагы мамлекет башчы Эмомали Рахмон жеңишке жетти, Ага 3 миллион 837 миң шайлоочу добуш бергендиги республиканын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынан маалым болду.

Комиссиянын төрагасы Бахтиёр Худоерзоданын айтымында, шайлоого катышкандардын саны 85,39% ды түздү.

Тажикстанда президенттик шайлоо 11 октябрда өттү. Мамлекет башчылыкка “Социалисттик партиясынан” Абдухалим Гаффорзода, “Коммунисттик партиясынан” Миродж Абдуллоев, “Агрардык партиясынан” Рустам Латифзода, “Экономикалык реформа партиясынан” Рустам Рахматзода жана учурдагы президент Эмомали Рахмон “Көзкарандысыз Профсоюздар Федерациясы, Жаштар Союзу жана Тажикстан Элдик Демократиялык партиясынан” жалпысынан беш киши талапкер болгон.

Эмомали Рахмон Тажикстандын үчүнчү президенти. Ал бул кызматты 1994-жылдын ноябрь айынан бери аркалап келет.

Булак: reporter.kg